Бир күнгө эсептелген иш сапардын учурунда президент Нурсултан Назарбаев президент Курманбек Бакиев менен бетме-бет жана кеңири чөйрөдө жолугушту, беш документке кол коюлду. Алардын башкысы Мамлекеттер аралык Бийик Кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу болду. Эки президент кол койгон бул макулдашууну тараптар кызматташтыктын чукул чече турган маселелерин көзөмөлдөөнү шарттоочу стратегиялык документ катары баалашты. Назарбаев мындан тышкары Жогорку Кеңештин жетекчилиги, айрым комитет төрагалары менен чогуу жолугушуп, Ысыккөлдөгү эс алуу жайлары, чегара, автожол курулушу өңдүү чечүүнү күтүп жаткан маселелердин айланасында сүйлөштү. (BuS)