Оппозициялык бириккен фронттун эки өкүлүн эки айга камоо боюнча башкы прокуратура санкция берген. Аларга КР кылмыш кодексинин 233-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча айып тагылууда. Мындай маалыматты баш прокурор орун басары Александр Нефоросныхдан алганын «Азаттыкка» адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Өмүрбек Суваналиев менен Өмүрбек Абдыракманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке 19-апрелдеги окуя боюнча күбө катары суракка чакырылып, ушул дүйшөмбүдө 3 суткага камакка алынган. (SM)