Анда оппозиция өкүлдөрүнө карата жасалып жаткан куугунтуктоолор, бириккен фронттун мындан аркы аракеттери тууралуу сөз болушу күтүлүүдө. Оппозициялык бириккен фронттун лидери ушул дүйшөмбүдө Байтик айылында бир катар маалымат каржаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, 19-апрлелде мөөнөтсүз митинг таратылгандан кийин бийлик оппозиция өкүлдөрүн камоо, коркутуп-үркүтүү аракеттери менен кырдаалды ого бетер курчутуп жатканын белгилеген.(SM)