Белорус оппозиция лидерлерине шилтеме жасап “Рейтерс” агенттиги билдирдгендей, Чернобыль кырсыгынын 21-жылдыгына байланыштуу акция полициянын кийлигишүүсү менен аяктады. Демонстранттар ур-соккуга алынып, айрым активисттер кармалды. Кечээ өткөн акцияны уюштурган оппозиция өкүлдөрү кандай талаптар менен чыкканы азырынча белгисиз. Анын аралыгында Минскиде эки жылдык күтүүдөн соң Евробиримдиктин өкүлчүлүгү ачылды. Президент Александр Лукашенка Евробиримдиктен жооп күтөөрүн билдирди.