Яап Де Хооп Скеффер Орусия куралданууну көзөмөлдөгөн бул келишимди аткарууну токтоткону НАТО альянсын “терең тынчсыздандырып” жатканын кечээ билдирди. Муну утурлай, президент Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасап жатып: “Келишим НАТОнун көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан четке кагылгандандыктан, Орусия аны аткарууну токтотот”,- деп айткан.
НАТО жетекчиси Орусия “кадимки куралдар жөнүндөгү келишимди” аткарууну токтотконун тастыктады