Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

15:11 Жогорку Соттун алдында Бермет Акаеваны жактаган да, каршы да пикет өтүп жатат

Бермет Акаева аны депутатыкка талапкерликтен ажыраткан Кемин райондук сотунун чечимин талашып Жогорку Сотко арыз жолдогон. Жогорку Сот анын арызын бүгүн карап баштады. Сот имаратынын алдында Бермет Акаеванын таламын талашкандар да, ага каршы чыккандар да плакаттарды көтөрүп, пикетте турушат. Экс-президенттин кызы Бермет Акаева Кемин шайлоо чөлкөмүнөн депутаттык жарышка аттанган. Бирок аны атаандаштары шайлоочуларга акча таратты деп айыптап, сотко беришкен. (KCh)
XS
SM
MD
LG