Бүгүн тараткан билдирүүдө «Реформа» кыймылы бийликти саясий атаандаштарын репрессиялык чаралар менен куугунтукка алып жатат деп айыптап, УКМКнын тергөө зынданында камалып жаткан Ө. Субаналиевди, Ө. Абдрахмановду жана А. Айтикеевди саясий ишмердиги үчүн жазаланууда деп билдиришкен. Кыймыл Башкы прокуратурага кайрылып камактагы оппозиция ишмерлеринин баш коргоо чарасын өзгөртүп, акыйкат тергөө өткөрүүнү суранган. (KCh)