27-апрелде Нарын облусунун губернатору Жыргалбек Азыловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, өлкө президенти Курманбек Бакиев 5-апрелден 11-апрелге чейин саясий ачкачылык жарыялап 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында каза болгон Нарын районуна караштуу Ортонура айылынын тургуну, Бириккен фронттун мүчөсү Бектемир Акуновдун үй-бүлөсүнө акчалай материалдык жардам берип, аны губернатор үйүнө жеткирип берди. Андан сырткары президент бул ишти дыкат жана адилет жүргүзүүнү жана адилет чечим чыгарууну жергиликтүү бийликтегилерге тапшырды. (JI)