"Азаттыктын" Түркмөн бөлүмү билдиргенге караганда, анын Түркмөнстандагы жети кабарчысынын жөнөкөй жана чөнтөк телефондору акыркы апталарда иштебей жатат. Кабарчылардын айтымында, коопсуздук кызматтары алардын артынан күнүгө аңдоо жүргүзүп, кабарчылардын жеке турмуш иштерине да кийлигишүүдө. 26-апрелде кабарчылардын биринин уулу кармалып, суракка алынган.