Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ күнү - кошуна Ирандан өтө көп качкын кайтып келип жатканы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Министрликтин айтымында, Тегеран азыр күнүнө беш миңге жакын ооган качкынын мекенине кайтара баштады, аларды орноштурууга болсо Кабулдун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Аны менен мурда түзүлгөн келишимдер да бузулуп жатат.