Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Түндүк Корея өзөктүк ишканаларын токтотпогонуна АКШ тынчсызданууда


АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү Вашингтон алдында Жапониянын премьер-министри Шинзо Абе менен жолукканда, Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрү боюнча алган милдеттенмелерин аткарыш үчүн ага мүмкүнчүлүк жана убакыт берилиш керек, бирок Вашингтондун чыдамы чексиз эмес деп билдирди. Февралда түзүлгөн келишим боюнча, Пхеньян өзүнүн Йонгбен шаарындагы өзөктүк реакторун 14-апрелге чейин жабыш керек болчу, бирок Макао аралындагы банктагы 25 миллион долларды кайра ала элекпиз деп аны жапкан жок. Ал банк эсептерин АКШ мурда жаптырган, бирок кийин ачкан.

XS
SM
MD
LG