Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Бермет Акаеванын тарапкери Сарылбек Борбашев камакка алынды


Кечээ кечинде Сарылбек Борбашев Чүй облусунун прокуратурасында суракка алынгандан кийин Кант шаарынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Бул тууралуу “Азаттыкка” С. Борбашевдин адвокаты Марат Токтоматов билдирди. Анын айтымында, С.Борбашевдин камакка алынышы мыйзамсыз.

Сарылбек Борбашев 23-апрелден 24-апрелге караган түнү Кеминде болгон окуялар боюнча “массалык башалмандыткар”,“сот адилеттигин ишке ашырууга тоскоолдуктар” деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу суракка чакырылган.

XS
SM
MD
LG