Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин алтымыш эки жылдыгына карата президенттин жарлыгынын долбоорун даярдады. Аталган мекеменини маалымат-кызматы кабарлагандай, бул документте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына пенсияга кошумча 2000 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул төлөп берүү каралган. Беш жүз сом өлчөмүндөгү каражат Улуу Ата Мекендик согуш учурунда орукта кызмат өтөгөндөргө жана согуш учурунда каза болгондордун үйбүлөөлөрүнө төлөнүп берилиши пландаштырылууда.
Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 22 миң 138 ардагери бар. Жөлөк пул төлөп берүү үчүн 22 миллион сом талап кылынат.
Учурда Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 22 миң 138 ардагери бар. Жөлөк пул төлөп берүү үчүн 22 миллион сом талап кылынат.