СТАМБУЛ. Стамбулда миңдеген адамдар өлкөнүн секулярдуулугун сактап калууну талап кылып, демонстрация өткөрүп жатышат. Манифестанттар президенттикке азыркы тышкы иштер министри, орто заар көз карашты туткан исламчыл партиянын өкүлү Абдуллах Гүлдүн талаптанып жатканына кабатыр. Жума күнкү добуш берүүдө ал жетиштүү колдоо ала алган жок, бирок Гүл талапкерлердин эң күчтүүсү болуп эсептелет. Өлкөнүн аскерийлери парламентте өтүп жаткан добуш берүүгө кылдат байкоо жүргүзүп жатышат, бирок, өкмөт алардын саясатка кийлигишүүсүнө жол бербей турганын билдирди.