Расмий Тегерандын билдиргенине караганда, 3-4 майда Мисирде өтө турган конференцияга Иран делегациясын Тышкы иштер министр Манучер Моттаки жетектеп барат. Иран Ирактагы шиилерди аскерий жактан машыктырып, курал-жарак менен камсыздайт деп шектелгендиктен, анын конференцияга катышуусу өтө маанилүү.