№57 Кемин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан 13 талапкердин ичинен Эрик Арсалиев 29,93 пайыз добуш менен алдыга чыкты. Ал эми шайлоочулардын 21,71 пайызы шайлоого каршы добуш беришкен. Дагы бир талапкер Сейтек Чалбаев 13,98 пайыз добушка ээ болгон. Кемин шайлоо округдук комиссиясынын токтомунан кийин БШК шайлоонун жалпы жыйынтыгын чыгарат.Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынынын билдиргенине караганда аталган аймакта шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүшү мүмкүн. (AJ)