Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

14:50 Д.Сарыгулов: Азыркы абал күч менен эмес, акыл менен чечилиши мүмкүн


“Азыркы бийлик “сөзгө чоркок муштумун созот” дегендей күчкө таянып атат,-” дейт, мурунку мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов, “ Таңкы Азаттыкка” берген маегинде. Мурунку мамлекеттик катчынын баамында, азыр маселе оппозицияда деле эмес, маселе бийлик эки жыл мурун берген убадаларын аткарбай, эл үмүтүн актай албай, ишенимден кетип, калыс адилет болбой, көп кемчилик кетирип жаткандыгында. Сарыгуловдун айтымында, бийлик да, оппозиция да жүзүн элге көрсөттү, баары биригип Кыргызстанды бүгүнкү абалга алып келгени жалган эмес. Эки жыл бою эл саясатчыларды угуп келди, эми өкмөт чоң жыйын өткөрүп, бир жолу элдин сынын, кеңешин укса абалдын оңолушуна жакшы шарт болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG