Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Украина парламенти президенттик жана парламенттик шайлоолорду бир убакытта өткөрүүгө чакырууда


Жогорку Рада бүгүн парламенттик да, президенттик да шайлоону 9-декабрь күнгө жылдырууга чакырган резолюция кабыл алды. Бир ай мурун президент Виктор Ющенко парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү жөнүндө жарлык чыгарган. Ющенко мөөнөтүнүн мурда президенттик шайлоо болбостугун айтып, парламенттик шайлоо күнүн 24-июнга жылдырган. Ющенкого кас премьер-министр Виктор Янукович жана анын парламентте көпчүлүктү түзгөн жактоочулары президенттин чечимин тааныбоого чакырган. Президенттин чечиминин мыйзамдуулугун учурда өлкөнүн Конституциялык соту иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG