Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

19:35 Кеминде БШКнын мүчөлөрү бюллетендерди кайра санап жатышат


№57 Кемин шайлоо чөлкөмүндөгү талаш жараткан төрт шайлоо участокторунда учурда БШКнын өкүлдөрү бюллетендерди санап жатышат. Бул туралуу Кемин районунда шайлоого байкоо салып жүргөн
“Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамы бүгүн Кеминде көчмө жыйынын өткөрүп, 29-апрелде өткөн Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоонун жыйынтыгын эки күндөн бери бербегендигине байланыштуу №57 Кемин шайлоо комиссиясын тараткан болчу. Ал эми байкоочулар добуш берүү маалында көп сандаган мыйзам бузуулар болду деп белгилешип, шайлоону жараксыз деп табууну талап кылышууда.(AiJu)

XS
SM
MD
LG