Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

10:15 Барскоон-Кумтөр жолу 4-майда жабылышы күтүлүүдө


Кумтөр ишканасынын жетекчилиги, кыргыз өкмөтү жергиликтүү калктын 28-апрелде баштаган тынч митингдеги талаптарына көңүл бурбагандыктан 4-майда Барскоон-Кумтөр жолун жабуу тууралуу чечимди акциянын катышуучулары 30-апрелде кабыл алышты. Бул тууралуу “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Барскоон кырсыгынан жабыр тарткандардын түшүмүн Кумтөр ишканасынын төлөп берүүсү тууралуу өкмөттүн токтому толук аткарылбай, жергиликтүү калкка берилүүчү 3 млн. 700 миң доллар кун акынын март айында берилүүчү 700 миң доллары алигиче бериле элек. Ошондой эле Кумтөр ишканасынын жетекчилиги “райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин көмүскө каржылап, жергиликтүү тургундардын бешөөнө алардын балдарын жумушка орноштурабыз, деп көпчүлүккө каршы ар-кандай ыпылас технологияларды колдонуп жатат”,- дейт Иманкожоева. Учурда Жетиөгүз районундагы Барскоондогу акцияга Тамга, Кичижаргылчак, Чоңжаргылчак, Тосор айылдарынын жүзгө чукул тургуну катышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG