Виктор Ющенко судья Сюзанна Станикти отставкага кетирүү тууралуу буйрукка кечээ кол койду. Станик “антты бузганы үчүн” бошотулду. Ушундай эле айып менен дүйшөмбү күнү судья Валерий Пшеничный да кызматынан бошотулган. Премьер-министр Виктор Янукович президенттин бул буйруктарын анти-конституциялык деп атады. Конституциялык сот президент Ющенконун парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү чечиминин мыйзамдуулугун иликтөөдө.