Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:24

Президент Жорж Буш Ирактан аскерлерди чыгаруу мөөнөтүн аныктаган Конгресстин мыйзамына вето койду


Улуттук телеканал аркылуу элге кайрылып, Буш өз чечимин мындай себептер менен түшүндүрдү: “Качан кетериңди душманыңа айтуу акылсыз кадам. Ирактан аскерлер качан чыгарылаарын билген террорчулар бул убакытка чейин күч топтоп, өкмөттү кулатып, өлкөдөгү бийликти өз колуна алууга аракет кылышат”,- деди Жорж Буш. Конгресс өткөн аптада кабыл алган мыйзамга ыйлайык, аскерлер Ирактан октябрдан тарта 2008-жылдын 1-апрелине чейин чыгарылып бүтүшү керек. Ошондо гана Ирак жана Ооганстандагы согушту каржылоого 100 миллиард доллар бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG