Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

13:30 Ошбазарынын жашылча-жемиш саткан бөлүгү жабылды


Анын жабылышына жоопкерчилиги чектелген “Ошбазар” бирикмесинин азыркы кожоюндары менен Ошбазардын жыйырмага чамалаш мурдагы жамаатынын ортосундагы талаш себеп болгон. 1999-жылы базардын жамаатынын макулдугу менен базар менчиктештирилип жоопкерчилиги чектелген “Ошбазар” бирикмеси түзүлгөн. Сегиз жыл өткөндөн кийин базардын мурдагы жамааты бирикмени жокко чыгарып, жамаатка кайрып берүү тууралуу район аралык сотко кайрылышкан. Сот алардын өтүнүчүн канаттандырган. Бирок соттун чечимине макул болушпаган “Ошбазар” бирикмесинин жетекчилиги бул маселе боюнча адилеттүүлүк издешип президентке, Жогорку Кеңешке кайрылышарын билдиришти.Базардын жашылча-жемиш бөлүгүндө он беш миң сатуучу эмгектенет. (AJ)

XS
SM
MD
LG