Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

17:00 Укук коргоочу А.Ивановдун өлүмүнүн себептерин көзөмөлгө алды


Өткөн жыл соңунда “Манас” абамайданында АКШнын аскер кызматкери Закари Хэтфилд тарабынан атып өлтүрүлгөн Александр Ивановдун жесирин бүгүн президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун кабыл алып, бул ишти аягына чыгарууну көзөмөлгө аларын билдирди. Анын айтымында, адам укугу боюнча комиссия 2001-жылы Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түзүлгөн “Манас” абамайданы боюнча келишимди жокко чыгаруу, өткөн жылы декабрда кабыл алынган парламенттин токтомун кыргыз өкмөтүнүн аткарышы тууралуу чечим кабыл алган. Ошондой эле комиссия эл аралык эрежелерге ылайык Закари Хэтфелди сыртынан жоопко тартып, соттук чечим чыгаруу боюнча Жогорку сотко кайрылган. “Хэтфилдди АКШнын мыйзамынын негизинде катуу жазага тартуу, Ивановдун жесирине АКШ өкмөтү тарабынан кун акы төлөтүү маселесин ишке ашырууну Кыргызстандагы АКШнын элчиси Мари Йовановичтин жеке өзүнө кайрылдык”,-дейт Турсунбек Акун. (AJ)

XS
SM
MD
LG