АНКАРА.Түркиянын бийликтеги Адилет жана Өнүгүү партиясы 24-июнда эрте парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болду. Бул сунушту тышкы иштер министр Абдулла Гүлдүн президент болуп шайлануусу өлкөдөгү бийлик системасын исламдаштырат деп кооптонуп жаткан секулярчылар киргизишти. Түркиянын Конституциялык соту парламентте өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарды.