Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубков билдирди. Анын маалыматы боюнча, Талдыбулак сол жээктеги алтын кенин иштетүүгө уруксат алган кыргыз-казак «Алтынкен» биргелешкен ишканасы кенди иштетүү боюнча долбоорлорду экспертизадан өткөрүп, өкмөткө өз убагында тапшырган жок. Премьер-министр ал иштерди 30-апрелге чейин аткарууну талап кылган эле. «Ошондуктан «Алтынкенден» лицензия чакырылып алынышы ыктымал», деп белгиледи Зубков. (AiT)