Ципи Ливни айым кечээ Ольмерт менен жолугуп, аны кызматтан кетүүгө чакырганын маалымат жыйынында кабарлады. “Анткен менен мен өз кызматымда кала берем жана Ольмерт жетектеген “Кадима” партиясынын башчылыгына талапкерлигимди коем”,- деди Ципи Ливни айым. Өткөн жылкы Ливан согушундагы Ольмерттин өкмөтүн кескин сынга алган доклад дүйшөмбүдө жарыяланган соң, Ольмерттин кызматтан кетүүсү тууралуу сөз чыга баштаган. Бирок премьер-министр кызматтан кетүүдөн баш тартууда.