“Биз бул тууралу кеч угуп калдык. Көрсө, америка аскери Хэтфилд өлкөдөн 22-мартта эле алынып кеткен экен. Кыргыз укук коргоо органдары да бул тууралу апрелде эле маалымдар болушту.”,-деп билдирет адвокат Галина Скрипкина. Анын айтымында, жакын арада америкалык аскер колунан жаздым болгон А.Ивановдун тууган-туушкандары укук коргоо уюмдарына кайрылышат. “Кун акы туудуруп алуу үчүн доо арызын биз 19-январда эле бердик эле. Жооп жок.”, - дейт адвокат “Де-факто” гезитинин бүгүнкү санында. (ElenK)