Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

17:02 4-майдан тарта Кумтөр кенине баруучу жол тосулат


Бул тууралуу «Карек» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Эркингүл Имангожоева билдирди. Анын айтымында, бүгүн Ысыккөлдүн Барскоон, Чоңжаргылчак, Тосор жана Тамга айылдарында элдик жыйындар болуп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиев да катышты. Жыйында Кумтөр кенин иштетип жаткан «Центерра голд» компаниясына бир катар талаптар коюлду. Ал Барскоон кырсыгынан жабыркагандарга жардамды толук көрсөтүү, Камеко менен түзүлгөн башкы макулдашууну кайра карап чыгып, казылып жаткан алтындын 50% Кыргызстанга калтыруу. «Бул талаптар аткарылганча 4-май эрте мененки саат тогуздан баштап Кумтөр кенине баруучу жол жабылат» деп белгиледи Эркингүл Иманагожоева. (AiT)

 

XS
SM
MD
LG