Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:48

18:45 Ноокенде тогуз аял райондук бийликтен айыл өкмөт башчысын кызматтан алууну талап кылууда


Райондук бийликтин имаратында эки күндөн бери турган аялдар Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Осмоновду кызматтан алууну талап кылышууда. Алар айыл өкмөттү социалдык-экономикалык шарттарды жакшырбай жатат деп айыпташып, кредиттердин иштетилишине жана арыздарына ылайык түзүлгөн комиссиянын иши башталбаганына нааразы болууда. Бул тууралу райондогу март ыңкылабын коргоо комитетинин төрага орунбасары Абдрасул Алибеков билдирди. Район акими Турдумамат Сагындыков аялдардын дооматтарын мурда облпрокуратура текшергенде да аныкталбаса да, экинчи ирет комиссия түзүлгөнүн, айыл өкмөт башчысын кызматтан бошотууга негиз жок экендигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG