Бул тууралуу кечээ Конгресстин өкүлдөр палатасында Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдирди. Сүйлөшүүлөр Кошмо Штаттардын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда орнотуу маселесине байланышкан. Орусия Кошмо Штаттардын жогорудагыдай пландарына катуу каршылык билдирүүдө. Москва жакында Европадагы Кадимки куралдар жөнүндөгү келишимге катышуусун токтотту.
Кошмо Штаттар Польша жана Чехия менен сүйлөшүүлөрдү расмий түрдө ушул айдын аягында баштайт