4-майда кечке жуук болгон жолугушууда май айынын аягына белгиленген донорлордун Бишкектеги жыйыны, Кыргызстандын тышкы карызы жана өз ара кызматташууларга байланыштуу маселелер талкууланган. Алмаз Атамбаев чоң өлчөмдөгү тышкы карыз өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын белгилеген. Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын өкүлү Роджерс Робинсон жана Эл аралык валюта корунун өкүлү Жеймс Макхью “Өнүктүрүү форуму” деп аталган донорлор жыйынында Кыргызстандын тышкы карызын жеңилдетүүнүн мехнаизмдери иштелип чыгууга тийиш, биз кыргыз тараптын бул маселедеги сунушун кароого даярбыз, деп айткан. (AiT)
18:44 Премьер-министр Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту