Непалдын падышалык үй-бүлөсү 2005-жылдын июль айынан бери электр кубаты үчүн төлөбөй, карызы 530миң долларга жетти. “Катмандуу пост” гезити жазганына караганда, падыша Гиянендра эки жыл мурун ишке ашырылган төңкөрүштө бийликти өз колуна топтоп алгандан кийин анын жакындары электр кубаты үчүн төлөөнү токтотушкан.