Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Талибтер француз өкмөтүнө койгон талаптын мөөнөтүн узартууну чечти


Талибан француз өкмөтүнө койгон ультиматумдун мөөнөтүн узартууну чечти. Алар франциялык гуманитардык уюмдун кызматкерин бошотуу үчүн Парижден аскерлерин чыгарып кетүүнү жана ооган өкмөтү тарабынан туткундалган талип согушкерлерин кое берүүнү талап кылышууда. Согушкерлердин барымтасында азыр франциялык бир жаран жана 3 оогандык киши кала берүүдө. Ажанс Франс пресстин кабарлашынча, талиптер 6-майга чейин убакыт беришти.

XS
SM
MD
LG