Бүгүн өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев Баткен облусунда иш сапары менен болду. Ал жер титирөөдөн жабыркаган Катыраң айылынын жашоочулары менен жолукту. Жер титирөөнүн айынан 168 үй капиталдык оңдоого муктаж болуп, 72 там толугу менен урап калган. Бирок, дагы канчасы зыян тартканы толугу менен аныктала элек. Андыктан айыл тургундары бул маселени эртерээк чечүүнү өкмөт башчысынан суранышты. Андан тышкары айыл банкын ачуу, жергиликтүү мектепти окуу куралдары менен камсыздоо жөнүндө сөз болуп, А.Атамбаев бул маселелер чечилет деп айтты. Ал бүгүн Ошко учуп кетти.(SA)