КАРАКОЛ. Бир айдан бери Балыкчы шаар башчысынын орду бош тургандыктан ал кызматка өндүрүштү мыкты билген талапкерин сунуштаган жергиликтүү он төрт депутат жана мекеме жетекчилери президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жөнөттү. Бирок, кайрылууда жазылган талапкердин аты-жөнүн маалымат каражаттарына ачыкка чыгарбай жатат. Шаардык кеңешинин төрага орун басары Алмаз Жалитовдун айтуусунда, шаардын эли жана Ортотокой айылынын депутаттары дагы президенттик администрацияга ошол жашыруун талапкердин шаар башчысына дайындалышын билдиришти. Эске салып кетчү нерсе Балыкчы шаар башчысы болуп бир жылга чукул иштеген Талант Бекжановго 5-апрелде мамлекеттик мүлктү тоногон деген күнөө коюлуп, 19-апрелде анын отставкасын талап кылган Кызыл көпүрө жолу тосулганда, президенттин буйругу менен кызматынан четтетилген. Ошондон бери шаар башчысынын милдетин биринчи вице-мэр Таалайбек Медеркулов аткарып келе жатат. (RB)