Аль-Каиданын жогорку кол башчыларынын бири Айман ал-Завахри кечээ көрсөтүлгөн видеотасмада америкалык Конгресстин Ирактагы аскерлерди чыгарууга үндөгөн мыйзам долбоору, Вашингтондун жеңилишин тастыктайт деди. Акүйдүн маалымат катчысы тасманы комментариялоодон баш тартты.
Бир нече күн мурун АКШ Конгресси аскерий операцияларга 124 миллиард доллар ажыратып, ошол эле учурда Ирактан америкалык контингентти чыгаруу талабын койгон мыйзам долбоорун кабыл алган эле. Бирок, президент Буш документке вето салган.