1998-жылдагы Барскоон кырсыгынан жапа чеккен айылдардын тургундары бул жол тосуу акциясын өткөн жума күнү башташкан. Анда «Кумтөрдөн казылган алтындын 50 пайызы Кыргызстанга калтырылсын жана Барскоон кырсыгынан жабыркаган элдин чыгымы толук төлөнсүн» деген талаптар коюлууда. Учурда кенге кетчү жолго эки боз үй жана бир чатыр тигилген. (SM)