Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:09

Дүйнө өлкөлөрү Франциядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына мамилесин билдирүүдө


АКШ менен Евробиримдиктин лидерлери Франциянын жаңы президентин куттукташты. Ал эми Түркия анчалык кубанган жок жана Франциянын шайланган президенти Николя Саркози Түркиянын Евробиримдикке кирүү мүдөөсүнө каршылык көргөзүүнү улантпасына үмүттөнөөрүн белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Анкарадан өлкөнүн премьер- министри Режеп Тайып Эрдоган айтты. Президенттик шайлоонун кечээги, экинчи айлампасынын натыйжасында Франциянын мурдагы ички иштер министри, теги боюнча венгриялык иммигранттын уулу, консерватор Николя Саркози атаандашы, социалист Сеголян Руялды утуп алды. Добуш берүүгө калктын 84 % катышты. Бул - 1981-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG