Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ООГАН ЭКОНОМИКСЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандагы абал толук калыбына келек электе Талибан кыймылынын калдыктары акыркы мезгилде баш көтөрүп, өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүн күчөткөн абалда - өлкөдө жакшылыктуу экономика жок деген ой туулат. Бирок Дүйнөлүк банктын Ооганстандагы өкүлүнүн айтымында, ооган экономикасы ыкчам өнүгүп келатат.

Бириккен Улуттардын маалыматтарына караганда, 2006-жылы Ооганстанда 6100 тонна апийим өндүрүлдү, 2005-жыл менен салыштырганда, ал 49 пайызга көп жана азыр апийимдин дүйнө өндүрүшүнүн 90 пайызынан көбү Ооганстанда чыгат.

Анткен менен бул өндүрүшкө аралашкан айрым ишкерлер өз акчаларын экономиканын башка тармактарына да жумшап жаткан учурлар бар: "Баңги заттарын өндүрүү менен байланышкан мыйзамсыз экономика тарабынан ачык экономикага акча кээде ооп жатат деп айтканга негиз бар. Апийим өндүрүү менен чоң каражат топтоп алган адамдар үй жана башка курулуштарга акча салган учурлар кездешет", - дейт Дүйнөлүк банктын Оонганстан боюнча деректири Алестэр Маккэшни.

Анын айтымында, өлкөдөгү абал туруктуу эмес болгону - экономика таптакыр өнүкпөй калды дегенге жатпайт. Азыр өлкө экономикасынын бардык тармактарына чет өлкөлүк инвестициялар эбегейсиз өлчөмдө салынууда: "Экономика жана элдин турмушу оңолуп баратат, жеке ишкердик дагы көтөрүлүүдө. Мындан беш жыл мурда Ооганстанга келип кеткендер айта алат: өзгөрүүлөр эбегейсиз - жаңы ачылган дүкөндөрдүн санын жана алардын соода көлөмүн аласызбы, өкмөт ишке ашырып жаткан программаларды аласызбы, же жөн эле көчөлөрдү толтуруп бараткан машинелердин санын алсаңар болот", - дейт Маккэшни.

Эл аралык каржылоо уюмдары эң биринчи кезекте чакан бизнес жана билим берүү тармагына акча салып, ушул тармактарды калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө, анткени мүмкүн болушунча көбүрөөк адамды жумуш орундары менен камсыз кылуу керек жана акыркы 20 жылда согуш абалында жашаган калк арасындагы сабаттуулукту жогорулатып, элди орчундуу өндүрүш үчүн даярдаш керек.

Албетте, өлкөдө коопсуздук толук орной электиги көптөгөн маселе жаратууда, андан экономиканын бардык тармактарына коркунуч түзүлүүдө, бирок жалпысынан алганда, экономикалык өсүш бир топ жогору: "Орто эсеп менен алганда, акыркы беш жыл ичинде ооган экономикасындагы бир жылдык өсүш 10 пайыздын тегерегинде болууда. Бардык тармактарда өсүш бар, эң биринчи кезекте - курулушта. Ифраструктура кайрадан калыбына келтирилүүдө жана бул тармактагы инвестициялар келечекте дагы өсөт. Экинчи тармак - соода, бардык дүйнө мамлекеттери жана өзгөчө кошуна өлкөлөр менен болгон соода алакалары жакшырууда. Үчүнчү тармак болсо - айыл чарба. Акыркы кургакчылык тийгизген зыян жоюлууда жана фермерлердин чарбасына жасалган инвестициялар өсүп баратат", - деп билдирди Дүйнөлүк банктын Ооганстан боюнча деректири.

Анын айтымында, азыр өлкөнүн айрым чыгыш жана түштүк аймактарында гана кагылышуулар жүрүүдө, өлкө аймагынын көпчүлүгүндө салыштырмалуу тынч.

XS
SM
MD
LG