Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ЭЛБАШЫ БОЛГУЧА СУУБАШЫ БОЛ


Кыштын кургакчыл келишинин айынан Кыргызстандын суу сактагычтарында быйыл суунун көлөмү жылдагыдан 20% аз топтолгону айтылууда. Бул ансыз да ортодогу суу-энергетика проблемаларын жөндөй албай келаткан борборазиялык республикалардын ортосундагы экономикалык мамиле-катышты дагы курчутушу ыктымал. Он жылга жакын убакыттан бери Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан Суу-энергетика консорциумун түзүү демилгесин көтөрүп, бирок да ал сөздөн ишке көчө элек.

Адистердин пикиринде, суунун тартыш же арбын келиши табиятта маал-маалы менен кайталанып турчу көрүнүш. Дегинкиси Борбор Азия республикаларынын ортосундагы суу-энергетика проблемалары социализм заманында Москвадан башкарылчу. Кыргызстан менен Тажикстандын кышкы отун-суу керектөөлөрү Өзбекстан менен Казакстандын табигый газы, көмүрү, мазутунун эсебинен жабылчу. Өз алдынчалыкка жеткенден бери коңшу өлкөлөрдүн ортосун сууткан оор маселе суу-энергетика маселеси болуп жатканы эч кимге жашыруун деле эмес.

Аны суу башында, этегинде жайгашкан өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарына доо кетирбегидей, пайда-зыянды так аныктап алган соң ишке ашырган оң. Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору, академик Дүйшөн Маматкановдун айтуусунда, суу-энергетикалык консорциумду түзүүдөн мурун Кыргызстандын коңшулар үчүн топтоп берчү суу сактагычтарынын ыгым-чыгымын тең бөлүшүп төлөп берүү маселесин чечип алуу зарыл.

- Жылына биз ушул Токтогул суу топтоо жайларын Өзбекстан менен Казакстандын керектөөлөрүнө тууралап бериш үчүн 150 миллион доллар чыгым тартабыз. Анын ичинде 6 миллион доллар суунун алдында калган 28 00 гектир жердин бербей калган пайдасы. 50 миллионго жакын долларлык электр энергиясы кышкысын иштелбей калып жатат. Анын ордун жабыш үчүн кышкысын Өзбекстан, Казакстандан көмүр, мазут, газ ташып келип жатабыз. Экологиялык чыгымдардын баары 100 миллион долларга чыгууда. Ошону менен 150 миллион доллар чыгым тартып жатабыз. Ал эми Өзбекстан биздин эсебибизден жылына 800 миллион доллар пайда табат. Анын 150 миллионун бизге берип койгондо деле биздин эсебибизден 600 миллион доллар табат экенсиңер, ушунун ордун басып койбойсуңарбы, деп айталбай жатышат.

Кыргызстандын суу проблемаларын изилдеп келаткан академик Д.Маматкановдун ырасташынча, тоолордон жыл сайын болжол менен 50 миллиард кубометр суу агып чыгат, анын 15-20% гана өзүндө пайдаланылат. Андан да орчун проблема Кыргызстандын энергетикалык потенциалынын азырынча 10% гана иштетилип жатканы.

Кыйладан бери «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтеринин курулушун улантуу жайында кеп болуп, бул ишке ири инвестиция алып келүүгө куштар Казакстан маселени Суу-энергетика консорциумуна байланыштырууда. Д.Маматканов эгер Казакстан менен Өзбекстан суу сактоого жумшалган чыгымдарды тең бөлүшсө Кыргызстан өз күчү менен эле бүтпөй курган ГЭС курулуштарын аягына чыгарат эле дейт.

- 150 миллион долларды берип турса, ошонун эсебинен эле биз «Камбаратаны» куруп алат элек.

Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Суу департаментинин сууну пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Абдыбай Жайлообаев быйыл жылдагыга салыштырмалуу суунун көлөмү 20% аз болот, дейт.

- Алдын-ала божомол боюнча быйыл бираз кургакчыл болорун айтып жатышат. Суунун көлөмү болжол менен мурдагысынан 20% кемирээк болорун болжошууда.

Кыргызстандагы эң ири Токтогул суу сактагычын жалаң сугат иштерине пайдаланууга Өбекстан менен Казакстан өзгөчө кызыкдар. Кыргызстан үчүн анын арзан электр энергиясын иштетип чыгышы өзгөчө мааниге ээ. Антип экономикалык кызыкчылыктардын кайчы келиши коңшу өлкөлөр ортосунда биртоп проблемаларды жаратууда.

XS
SM
MD
LG