Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

13:16 ИИМ: Адам набыт болгон автокырсыкка америкалык аскер кызматкеринин тиешеси жок


Мурда таратылган маалыматка ички иштер министрлиги ушундай тактоо киргизди. Зарылбек Аскарбеков аттуу жаранды кечки саат тогузда Бишкек-Манас автожолунда Ауди С-4 үлгүсүндөгү автоунаа айдап бараткан Ольга Колько аттуу айдоочу коюп кеткен. Анын жанында Кыргызстанда жайгашкан антитеррордук коалициянын Фрейд Жейсон аттуу аскер кызматкери болгон. Буга чейин ички иштер министрлиги кыргызстандык жаранды автоунаа менен коюп кеткен америкалык аскер кызматкери экендигин, аны тактоо үчүн база жетекчилигине кайрылганын кабарлаган. Зарылбек Аскарбеков аттуу Сокулук айылынын тургуну автокырсыкта дароо набыт болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG