Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

ЖАЛАЛАБАТ: ӨКМӨТТҮК НАСЫЯ АКЧА КАЧАН БЕРИЛЕТ?


Жалалабат облусунун табият кырсыгынан жабыр тартышкан сегиз жүзгө жакын үй-бүлө өкмөттүк жардам алалбай, кооптуу жайларда жашап турушат. Алардын арасында мамлекеттик ссуданы 1994-жылдан бери алалбай жүргөндөрү да бир топ. Расмий уюмдар жабырлангандарга өкмөттүк жардамдын берилбей жатышын өлкө казынасында каражаттын тартыштыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Табият кырсыгына ыңгайлуу болгон облустун суу ташкын жана жер көчкү кырстыктарынан жабырланган миңдеген жарандары турак-жай курууга өкмөттөн жардам алалбай, жашоого жараксыз болгон үйлөрүндө баш калкалап турушат. Сузак районундагы Кызылтуу айыл өкмөтүнүн тургуну Калдарбек Сартпаевдин айтымында көп жерден жарака кеткен үйүнүн абалын баалоого тармактык адистер келген эмес:

- Ушул маселе эч бир алгылыктуу чечилбей атат. Малканамды тешип кеткен, МЧСтен келет деген, келген жок, көргөн жок.

Райондун Таштак айылынын жашоочусу Батырбек Төрөканов өкмөттүк жардамдын болоор-болбосун ачык айтпаган кызматкерлерге капа:

- Ана келет, мына келет деп айтышат. 2005-жылдан бери эле күтүп атабыз, келген жок. Болот, же болбойт деп айтышса, ошого карата аракет кылышыбыз керек да.

Базаркоргон районундагы Акман айылынын тургуну Садык Раимбердиевдин үйү эки жыл мурда болгон суу ташкында жарактан чыккан. Бийлик уюмдарына ишенбей калган Садык Раимбердиев мамлекеттен берилчү жардамды тармактык, же жергиликтүү бийликтер аркылуу эмес, ар бир жабырлануучунун өз колуна тапшырылып, бөлүнгөн жардамдар кимге жумшалып, кайда иштетилгени көзөмөлгө алынса деген оюн билдирди:

- Акүй тараптан эч кандай жардам болгон жок. Биз мурунку ссудаларды деле ала элекпиз, быйылкыга көзүбүз жетпейт.

Базаркоргон районундагы Жараке айылынын өкмөттөн берилет деген насыя акчага ишенген жашоочусу Аманбек Абжапаров колунда каражаты жоктугунан жараксыз үй жайын кантип оңдоорун билбей олтурат:

- Ошол убактарда жазылып, МЧСке алып кеткени менен ушул күнгө чейин берилбейт. Экинчи жолу суу кирип, үйлөр тешилген күндөр болуп атат. Колуңардан келсе тездетип, жардам берсеңер.

Облуста жер көчкүлүү 200 жай бар. 1994-жылдан бери коопсуз жайлардан көчүүгө тийиш болгон 1646 үй-бүлөнүн өкмөттүк ссуда алган 899у гана башка жакка көчүрүлгөн. Чукул кырдаал жана экология министрлигинин облустагы бөлүмүнүн башчысы Пайзулла Кенжебаевдин айтымында кырсыктан жабыркагандар адистер тарабынан изилденүүдө. Өлкөнүн каражатынын тартыштыгынан 749 үй-бүлөгө ссуда берилбей келатат:

- 1994-жылдан тартып бүгүнкүгө чейин биздин адистердин тыянагы боюнча 1646 үй-бүлө көчүрүлүш керек. Анын ичинен 899у ссудасын алып бүткөн. Ал эми 747 үй-бүлө бүгүнкүгө чейин ссудасын ала элек, - деди Пайзулла Кенжебаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG