Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

18:08 Жалалабат университетинде кыргыз тилдин проблемалары талкууланды


8-майда ЖАМУдагы жолугушууга президенттин алдындагы мамтил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов жана Кытайдагы кыргыз акын жазуучуларынын өкүлү, профессор Макелек Өмүрбай уулу катышты. Т.Жумагуловдун айтымында эне тилге болгон мамиле март ыңкылабынан кийин жакшы жагына өзгөргөнү менен калктын 13 пайызын орусча сүйлөгөндөр жана 9 пайызын орустар түзсө, калган 73 пайызы кыргыз тилди өнүктүрө албай атат. Лейлек районунда ээси тажик болгону үчүн чачтарач менен мечит тажик араб тилинде жазылган. "Түндүкэлектро" ишканасында Дунларов аттуу кызматкер ишкананын кызматкерлеринин аты-жөнү, кызматы кыргызча жазылган тамгаларды жулуп ыргыткан. "Мамлекеттик тилде сүйлөөгө саясий эрк жетпей жатат,"- деп айтты Т.Жумагулов. Макелек Өмүрбай уулунун айтымында 840-940-жылдардын аралыгында кыргыз каганы 15дей кат жазган. Ал каттарды каган кимге жазганы, аны ким издери белгисиз. 843-жылы Жокусул Алп аттуу адам 300 кыргыз жана белек-бечкектери менен кытай императоруна барган. Кытай императору алардын бардыгын өң-кебете-кешпирин, белек бечкегинен өйдө кагазга сүрөттөп түшүргөн деген маалыматтар бар. "Булардын баары кыргыздардын байыркы эл экендигин тастыктап турат," - деп айтты Кытайдагы Манас изилдөө коомунун баш катчысы, Шинжандагы (Синьцзяндагы) "Тил жана котормо" жарналынын башкы редактору, профессор Макелек Өмүрбай уулу. (YA)

XS
SM
MD
LG