Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

БЕШ АЙЫЛДЫН ЭЛИ КУМТӨР КЕНИНЕ БАРЧУ ЖОЛДУ ТОСУП ЖАТАТ


Жетиөгүз районунун аймагындагы Кумтөр алтын кенине кетчү жолду эки жерден тосуп турган беш айылдын эли он күндөн бери ишкананын автоунааларын өткөрбөй атат. Нааразылык акциясынын негизги талабы компенсация үчүн бөлүнгөн акчаны өндүрүү.

Мындан 9 жыл мурда канадалык алтын өндүрүүчүлөрдүн цианидден ууланган Жетиөгүз районунун Тосор, Барскоон, Чоң-Кичи Жаргылчак жана Тамга айылдарынын эли буга чейин 1 млн. 700 миң доллар компенсация өндүрүү мүмкүнчүлүгүн алганы менен анын 700 миң долларын колдоруна ала албай атканына нааразы. Ошондуктан Кумтөр ишканасына кетчү Тосор жана Барскоон капчыгайындагы эки тарап жол он күңдөн бери тосулуп турат. Нааразылык акциясынын Тосордогу уюштуруучусу Закия Чипаева жол Кумтөрдүн гана машиналары үчүн жабылганын айтты:

- 1998-99-жылдары өндүрүлбөй калган түшүм чыгымдарынын төртүнчү траншын төлөө тездетилсин. Элдин бары ушуга ишенип дүкөндөргө жаздырып эт, ун, нан алып, карызга малынганбыз. Тездетилбесе турганыбыз турган.

Закия Чипаеванын айтуусунда депутат Эркин Алымбеков жана Арслан Малиев келип бир топ талаптар жазылган кайрылууну президентке жана Жогорку Кеңешке алып кеткен боюнча жооп жок. Анда 1994-жылдагы Кыргызстан-Канада башкы келишимди жокко чыгаруу, компенсация төлөтүү боюнча 2005-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны кайра түзүү жана башка алты талап жазылган.

Акция катышуучуларынын дагы бирөө ал комиссиянын курамын өзгөртүү зарылдыгын төмөндөгүдөй чечмеледи:

- Өмүралиев мурун губернатор болчу, ал дагы комиссиянын курамында болчу. Азыр иштебей калды. Керимкулов да жок, - деген Болот Асаналиев, бул жолку пикетте Тамга айылынан 2-3 киши Кумтөргө жеке кызыкчылык үчүн сатылып, Бишкекке чейин жалданып барып маалымат каражаттарына туура эмес сүйлөп келип атканын кошумчалады:

- Чынгышбаев Асанкадыр, Беделкарова Жамал, Тилебалды деген адамдар сатылып кеткен. Тилебалдынын баласы биринчи пикетке чыкканда эле Кумтөргө ишке кирген. Кумтөр аркылуу телефон станциясын койдоруп алган. Ал Кумтөрдү жактайт да, - дейт Болот Асаналиев.

Район жетекчиси Замир Турдукеев болсо Кумтөрдүн компенсациясы жана дыйкан чарбага деп убада болгон 28 млн. сом дагы азырынча берилбей турганын бул митинг башталаардан эки күн мурда эле Барскоон жыйынында билдирген болчу. Бул маселе боюнча облуска барып губернаторго микрофон сунганыбызда, Кумтөр жолун тоскондорду депутаттар үгүттөп атканын кыйытты:

- Национализация кылгандан кийин тигилер токтотуп калбадыбы. Келишимди деле өкмөт кайра карап чыкпады беле. Депутаттардын колунда бийлик, ошол жака чакырып эле за столом переговоровдон бир топ нерсени чечип алса болмок. Отказ берген жок. Национализация алып алабыз дегенден кийин кантип акчасын төлөмөк эле, - дейт облус губернатору Кыдыкбек Исаев.

Он күндөн бери нааразылык акциясында тургандар жергиликтүү бийликтен жооп болбогонун белгилеп, 8-майдан баштап өкмөт башчысынын келишин талап кыла баштады:

- Элге көпүрө болдум деп атпады беле, көпүрө болуп келсин өкмөт башчы. Эл толкуса селдей болуп бир багыт алган жагынан бурулбайт, - деди Тосор айылынын тургуну Сыдык Алымбеков.

Бул айыл Кумтөр чоң жолунун боюнда жайгашкандыктан үйлөрүнүн шыбагы урап, жолдор начар абалга келгендигин да билдиришти.

XS
SM
MD
LG