10-майга белгиленген бул жолугушууда укук коргоочулар баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын талкуулоону көздөп жатышат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилованын маалыматына караганда, алар баш прокурордун Аксы окуясына , 19-апрелде Бишкектеги жана 24-апрелде Кеминдеги окуяларга байланыштуу баш прокурордун көз карашын билүүгө кызыкдар. Аталган акыркы эки иш боюнча Башкы прокуратура Кылмыш Кодексинин 233-беренесине ылайык массалык тартипсиздик деген негиз менен кылмыш козгогон. Укук коргоочулар болсо бул эки окуяда тең массалык тартипсиздик болгон эмес деп эсептеп жатышат. (BuS)