Барскоондуктардын маалыматтарына караганда, бүгүн ал жерге отуз чакты адам чогулду. Барскоон капчыгайынын жана Тосор айылынын кире беришинен жол тоскондор Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан Канадалык ишканадан жана Кыргыз өкмөтүнөн башкы макулдашууну кайра түзүүнү жана Барскоон кырсыгына байланыштуу бөлүнгөн компенсациянын акыркы бөлүгүн талап кылып жатышат. (BuS)