Ал Ирактын премьер-министри Нури аль-Малик, президент Жалал Талабани жана америкалык аскерлердин командачысы, генерал Дэвид Петраеус менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Маалыматка караганда, анда өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоо маселелери талкууланып, Дик Чейни Ирак бийликтерин тайпалар аралык урушту токтотууга үндөдү. Бул арада өлкө түндүгүндөгү Ирбил шаарында миналанган автоунаанын жарылуусунан 19 адам ажал таап, 50дөн ашуун киши жаракат алды.