Буга байланышкан ачык кат бир жарым миң кишинин атынан президенттин, Жогорку Кеңеш төрагасынын, премьер министрдин дарегине жолдонду. Катта жол тосуулар, алтын кендерин иштетүүнүн айрым маселелерин иретке келтирүүгө байланыштуу мыйзам долбоорунун талкууланып жатышы өңдүү маселелерге тынчсыздануу билдирилип, ар кандай саясий кызыкчылыктарга алдырбай маселени мамлекеттик денгээлде, сүйлөшүү аркылуу чечүү чакырыгы айтылган. Компанияда иштеген жамааттын кызыкчылыгы эске алынбаса, нааразылык акциялары аркылуу өз укуктарын коргоору белгиленген. Барскоон-Кумтөр автожолу он күндөн бери тосулуп, алар кенден казылып алынган алтынды Кыргызстан менен канадалык компания теңме-тең бөлүшсүн, ага байланышкан башкы макулдашуу кайра каралсын деген талап коюп жатышат.(BuS)