Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Түркия парламенти конституцияга өзгөртүү киргизген долбоорду жактырды


Бул өзгөртүү президентти жалпы элдик добуш менен шайлоого жол ачмакчы. Мындай долбоорду 550 орундуу түрк парламентинин 370 депутаты колдоп, 55 депутат ага каршы добуш беришти. Буга чейин Түркияда президент парламент тарабынан шайланып келген. Тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн президенттикке талапкерлиги бойкоттолгон соң, кечээ парламент президенттик шайлоону расмий түрдө токтоткон. Жаңы мыйзамга президент Ахмед Неждет Сезер вето жарыялашы мүмкүн экени болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG